• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Камчы Көлбаев камакта калтырылды 

24 Тогуздун айы 2020 14:21 Бишкек Govori.TV

Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту 23-октябрда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын караган. Ал тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Көлбаев буга чейин 48 саатка камалган болчу.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 22-октябрда Камчы Көлбаев кармалганын билдирген. Кийинчерээк ошол учурда тартылган видео жарыяланган.

Колго түшүрүү иштери «Avangard» спорт клубунда жүргүзүлгөн. Ага карата «кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


Количество просмотров: 113