• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Камчы кармаган Жапаров Ташиев менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

24 Теке 202213:41 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Каркыра жайлоосунда ат минип эс алган сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланды.

Аны президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына койду.

«Ата конушуна барып, Куран окуп кайттык»,-деп жазды Жапаров.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 23-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгын майрамдоого байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышкан.

Количество просмотров: 3249