• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти

17 Бирдин айы 202611:35 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти. Бул тууралуу «Регион» каналынын жетекчиси, журналист Өткүрбек Рахманов билдирди.

Рахманов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап, Ташиев убактылуу өлкөдөн чыгып кеткенин гана жазып, ал эми кайда жана канча убакытка кеткенин маалымдаган эмес.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ошол учурда Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев кызматтан алынуусун күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген.

Количество просмотров: 274