• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев FIFA өкүлдөрү менен жолугушту

20 Бирдин айы 202411:34 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев жана вице-президенти Нурдин Букуев Эл аралык футбол ассоциациясынын (FIFA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми FIFAдан жолугушууга FIFAнын аймактык ассоциацияларды өнүктүрүү боюнча менеджери Андрей Вашкевич жана FIFAнын башкаруу кызматынын улук менеджери Ахмед Харраз катышты.

Алар Кыргыз футбол союзунун президентин жана вице-президентин жаңы кызматка шайланышы жана Кыргызстан футбол союзунун уставынын бардык нормаларына ылайык кезексиз конгресстин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Тараптар өлкөдөгү футболду өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Мындан тышкары, КФС лидерлери FIFA уюмдун бүткүл ишмердүүлүгүндө көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Кезексиз конгресс күн мурун Бишкекте өттү. Конгресстин бардык делегаттары Кыргыз футбол союзунун жаңы жетекчисн бир добуштан колдошту, ошондой эле алар КФСнын аткаруу комитетинин жаңы курамын дагы шайлады.

Биринчи вице-президент болуп Нурдин Букуев шайланды. Буга чейин ал КФСнын башкы катчысы кызматын ээлеген. Вице-президенттер Канатбек Абдыкадыров менен Акылбек Маматов кызматтарын сактап калышты. Ошондой эле дагы бир вице-президенттик кызматка «Илбирс» ФКнын өкүлү Д.Б. Ералханов шайланды.

Количество просмотров: 105