• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев генерал-лейтенант чинин алды

23 Бирдин айы 202110:57 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев генерал-лейтенант аскердик чинин алды. Бул тууралуу АКИpress агенттиги жазды.

Андан тышкары УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бекбосун Апсатаров генерал-майор чини менен сыйланды. Ошондой эле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев генерал-майор чинин алган. Ал эми Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков генерал-майор чинине ээ болду. 

Алдын ала маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка кечээ, 22-февралда кол коюлган.

Количество просмотров: 266