Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалында Англия Нидерланддарды 2:1 эсебинде утту.
Эми Евро – 2024 мелдешинин чечүүчү беттешинде англиялыктар испандар менен кез келет. Оюн 14-июлда Берлиндеги Олимпиада стадионунда өтмөкчү.
Евро – 2020 турниринде Англия Италияга 1:1 эсебинде, пенальтилер сериясында 2:3 менен жеңилген эле.