Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 9-августта жарым финалда беттешке чыкканы жаткан мушкер Мунарбек Сейитбек уулуну телефон чалып, дем-күч берген сөздөрдү айтты.
“Мунарбек уулум чоң мелдештин алдында сага айтып коёюн. Сен ушуга чейин өзүң үчүн, жакындарың үчүн боксташып келсең, бүгүнкү мелдешиң менен бүтүндөй кыргыздын намысын коргойсуң. Сенин бүгүнкү кармашың кыргыз мамлекети үчүн болуп жатат. Намысты колдон чыгарбай, атаандашыңды ачууңду келтирип туруп, кыргызча согушуң керек. Макулбу, уулум, биз сага ишенебиз. Сен мамлекетибиздин баатырысың. Биздин баатырыбызсың. Азыр баардык кыргызстандыктардын намысы сенин колуңда турат. Намысты бербегениң. Баарыбыз сага жан тартып, күйүп жатабыз. Сага ишенебиз. Ийгилик болсун, ийгилик каалайм” деди.
Фейсбук колдонуучулары УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Мунарбек менен сүйлөшкөн видеосун чыгарып, “Мунарбектин лапасы менен капасы таштай катуу болуп, соккусу бекем болсун”деп Камчыбек Кыдыршаевичтин духту көтөргөн каалоо-тилектерине ыраазычылык билдирип жатышат.
Мунарбек дагы ишенимди актап, бүгүнкү беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диазды жеңип, алтын медаль үчүн күч сынаша турган болду.