• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев неберелүү болду

9 Үчтүн айы 2020 12:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев неберелүү болду. Бул тууралуу анын келини Эркеайым Абдуллаева инстаграмдагы өздүк баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, модель, актриса Эркеайым Абдуллаева бүгүн, 9-январда көз жарган.

«Куш келипсиң, уулум. Салмагы 2 килограмм 920 грамм, бою 53 сантиметр. 9-январь таңкы саат 04:45», — деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас менен актриса Эркеайым Абдуллаева 2018-жылы баш кошкон.

Количество просмотров: 61