• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Камчыбек Ташиев Сузак РИИБге 12 автоунаа тапшырды

2 Үчтүн айы 202413:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-январда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 9 “Шевроле Кобальт”, 1 “Мерседес Спринтер”, 2 “Лада Нива” үлгүсүндөгү автоунаалардын ачкычтарын тапшырды.

Автоунааларды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, Сузак РИИБдин башчысы милициянын полковниги Арстанбек Усанов, ички иштер органдарынын ардагерлери катышышты.

Камчыбек Ташиев 12 автоунаа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Сузак РИИБге берилип жаткандыгын айтты. Ошондой эле өздүк курамды жаңы жылы менен куттуктап, бул жылы Сузак милициясына жаңы имарат салынаарын кошумчалады.

Белгилей кетсек жаңы жеңил автоунаалар аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө, райондук ЖКККБга, “Мерседес Спринтер” Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына берилди.

Количество просмотров: 221