• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев Тажикстанга барат

15 Жалган куран 20219:20 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга барат. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 15-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, саат 14:00дө жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Ошондой эле Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстан мамлекетине сапар алат.

«16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат. Анда Камчыбек Ташиев коңшу өлкөнүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 161