• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Камчыбек Ташиев тосмодон ары секиргенин өзү эске салды

8 Тогуздун айы 2018 8:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.10.2018. Govori.TV
Лас Вегаста 6-октябрда UFC 229 мелдеши өтүп, жыйынтыгында Россиялык Хабиб Нурмагамедов жеңишти камсыздаган эле. Бирок, ал жеңгени анык болгондон кийин, октагондон секирип барып, көрүүчүгө жулунган. Бул көрүнүш күйөрмандардын жана көрөрмандардын катуу талкуусуна жем таштаган.
Кыргызстанда дагы бул оюн өтө популярлуу экенин, аларга эки тарап болуп жан тарткан күйөрмандардын көптүгүнөн улам билүүгө болот. Лас Вегас менен Бишкектин убакыт айырмасы 12 саат болгондуктан, жергиликтүү көрүүчүлөр алардын мелдешине 7-октябрда күбө болушту. Убагында саясатчы Камчыбек Ташиев, Ак үйдүн дарбазасынан ары ашканын эл унута түшкөн. Бирок, бул көрүнүштү ал өзүнүн ФБ баракчасына «Хабиб өзүбүздөн экен го.. Тосмодон ары ашыптыр» — деп билдирүү жазуу менен эске салды.
Окурмандар анын бул жазганын «чыныгы тамашакөй адам экен» — деп сыппатташты. «Агасын көрүп, ини өсөт», агасын туураган го дегендер дагы болду.
Эскете кетчү жагдай, көпчүлүк Кыргызстандык көрүүчүлөр Россиялык Хабиб Нурмагамедовго күйөрмандык кылышты. Анткен менен Конор Макрегордун дагы күйөрмандары бар экенин алардын жазган билдирүүлөрүнөн улам билүүгө болот.

Количество просмотров: 45