Бүгүн 7-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатына барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Камчыбек Ташиев ушул мектеп-интернатында чогуу окуган классташтары жана мугалими менен бирге мектеп-интернаттын жаңы аймагына бак-дарак тигишти.
В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты үчүн 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана курулуп жатат. Учурда эки объектинин курулушу 70 пайызга аткарылган.
Билим уясында өзүнчө спорт, волейбол аянтчалары, чоң зал жана башка керектүү жайлары бар. Учурда объектиде ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Мектеп 324 млн сомго бааланган.
Ал эми 500 орундуу жатакана 4 кабаттан туруп, жатып окуганга бүт шарттар тузүлөт. Белгилей кетсек, жаңы имарат куруу тапшырмасы Президент Садыр Жапаров тарабынан берилген. Камчыбек Ташиев бул тапшырманы ишке ашырууну өз көзөмөлүнө алган.
Бул Ош шаарындагы социалдык жактан аз камсыз болгон балдарды тарбиялаган жалгыз мектеп-интернаты. Камчыбек Ташиев өзү да ушул мектеп интернатында билим алган.