• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Камчыбек Жолдошбаев карышкырларды эми танк менен атууну сунуш кылды

7 Бирдин айы 2019 11:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.02.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев карышкыр аткандарга каралган 6 миң сомдун үстүнө дагы 2 миң сомдон кошуп берүүнү парламенттин жалпы жыйынында сунуштады.

Ал ошондой эле өкмөт тарабынан каралган 6 миң сомдон социалдык төлөм жана башкаларын кармап калганда мергенчилер колуна 4800 сом аларын айтты.

Эл өкүлү, андан сырткары, өткөндөгү жыйында карышкырды тик учак менен атууну сунуштаганын билдирип, өкмөт Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго тапшырма бергенин белгиледи.
«Ал тик учак менен атканга болбойт, мергенчиликтин өзүнүн жолдору бар дейт. Эми карышкырды танк менен деле ата бербейби. Карышкыр кийиктердин бардыгын жеп койгону үчүн ылдый жактагы элдин короосуна секирип кирип курсагы ачып жатат. Ушул маселе боюнча Рустамовго тапшырма бергиле», — деди ал.

Жолдошбаев бир кийик атса 400-500 миң сом айып салынарын айтып, Рустамов ал акчаларды кайда коротуп жатат деп ачууланды.

Количество просмотров: 16