• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Камчыбек Жолдошбаев: «Мэрди Бакытбек Дүйшембиев шыйрактан тартып жатат»

18 Тогуздун айы 2018 12:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Камчыбек Жолдошбаев Борбор калаанын мэри Азиз Суракматовду анын орун басары артка тартып жатканын айтты.
 «Мурунку Бишкек шаарынын мэрлери  60 тан ашык жолду жаап коюп иштин аягына чыкпай, элди аябай азапка салган. Аларга мэрлерге караганда Азиз Суракматов дайындалгандан бери маанилүү 40дан ашуун иштерди жасады. 40 көчөнү асфальттап оңдоду. Көрүнүктүү иштерин айтып коюш керек. Жада калса кээ бир күйүп кеткен жерлерди да гүлдөтөйүн деген пландары бар. Жакшы жылыштар бар, орусча-кыргызча сүйлөсө эле асыла бербеш керек. Өзү өндүрүү менен жүргөн бала экен. Бул жаш баланы энергиясы көп экен пайдаланыш керек. Ошол эле маалда вице-мэр Дүйшембиев шыйрактан артка тарып Бишкек шаарын жамандатып жатат,- деди эл өкүлү.
Количество просмотров: 17