Камчыбек Ташиевдин иниси Жалал-Абад мэрлигине ат салышат
Камчыбек Ташиевдин иниси Жалал-Абад мэрлигине ат салышат
30 мая 2018 в 14:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.05. 2018. Govori.TV
Ушу тапта Жалал-Абад шаарынын мэрлигине талапкерлер такталууда. Бул тууралуу Govori.TV маалымат агенттигине өздүк булак билдирди.
Андан алынган маалыматтар боюнча,11-июнда өтө турган шайлоого карата шаар башчылыгын ордуна Жалал-Абад шаарынын кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев, саясатчы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев жана Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары, мэрдин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов Бишкек ТЭЦинин модернизациясына байланыштуу камакка алынып, жакында кызматынан алынган.