• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Камила Талиева Мамдуманын депутатына жооп берди

26 Жетинин айы 2022 16:56 Бишкек Govori.TV

Орусия Мамдумасынын депутаты Светлана Журованын пикирине Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева жооп берди. Депутаттын билдирүүсү парламенттин сайтына жарыяланды.

Ал Журованын сөзүн өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалады. Ошондой эле жер-суу аттарын өзгөртүү Орусиянын өзүндө да болуп келерин белгиледи.

«Административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Россиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловк шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү», — деген ал.

Ошондой эле Талиева Журованы эки өлкөнүн кызматташтыгына терс таасир эткен пикирлерди айтпоого чакырган.

Количество просмотров: 330