• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Кана биз бөлдүрүп берген акча?». Депутаттар Баткендеги үйлөрдүн курулуш ишине нааразы

16 Жетинин айы 2022 12:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жанар Акаев менен Камила Талиева министрлер кабинетинен Баткен облусунда талкаланган үйлөрдү куруу иштерин тездетүүнү талап кылышты.

Жанар Акаевдин айтымында, министрлер кабинети бул убакыттын ичинде бир дагы үйдү бүтүрө алган жок.

«Үйлөр эң көр талкаланган Арка 1 айылына болгону үч контейнер үй барыптыр. Дубалы тургузулган үйлөр да бар. Бирок пайдубалы салынган бойдон тургандары да бар. Аны да курулуш компаниялары өз каражатынан салыптыр. Өкмөттөн акча келген жок дешти. Кана биз бөлдүрүп берип жаткан акчанын баары? Суук түштү, бир тыйын ала электер бар экен. Баткендеги окуя болгондо тургундар өздөрү жардам чогултуп отуруп, бири короодогу коюн, бири машинесин сатып, 320 млн сом чогулган. Жок дегенде ошону берип турбайсыңарбы? Туура, ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон берилиптир. Бирок пайдубалы турат, чатыры жабылып, үйүнө кирген киши жок азыр. КТРден көрүп жаткан, «көп акча түшүп жатат, укмуш болуп жатат» деген жашоо жок экен ал жерде, таптакыр башкача» , — деди Жанарбек Акаев.

Депутат Камила Талиева Чүй облусуна жана Бишкекке эвакуацияланган Баткен шаарынын тургундары жакырчылыкта жашап жатканын белгиледи. Ал Баткенди калыбына келтирүүгө бөлүнгөн 3 миллиард сом боюнча отчет талап кылды.

«Иш өтө жай, мамлекеттин Баткен облусуна бөлгөн акчасы кайда? 3 млрд сом кана? Бүгүн аткаруучу компаниялар өз акчасына үй куруп жатат. Бул кызылдай чындык. Ошол үчүн өкмөттүн маалыматын угууну талап кылабыз» , — деди Талиева.

14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Маалыматтар боюнча 600дөн ашык турак жай талкаланган, өрттөлгөн.

Буга чейин, 409 үйдө курулуш жүрүп жатканы, 170 үйдүн пайдубалы курулуп бүткөнү, 161 үйдүн дубалы тургузулганы маалымдалган.

Количество просмотров: 89