Жалал-Абад облусунун Чарбак айылында канализациянын кудугунан эки кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, маркумдардын сөөгүн Базар-Коргон районунун №78 КБДнын куткаруучулары алып чыгышкан. Эркектердин өздүгү такталып, алар 1976-жылы туулган К.Т., жана 2003-жылы туулган А.К. болуп чыкты.
Учурда окуянын себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат.