Кыйын спорт чеберлерин таарынтып, спорттон алыстатып коюп жатабыз. Бул тууралуу Govori.TVнын түз эфиринде грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандын курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу, Пекинде өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын жеңүүчүсү жана Күрөш федерациясынын вице-президенти Канат Бегалиев айтты.
Кыйын-кыйын адистерди таарынтып биз спорттон алыстатып коюп жатабыз. Мисалы, катуу тийип калуусу мүмкүн, бирок мен айтып коюшум керек, биздин сыймыктанган Каныбек Осмоналиев агайыбыз дүйнөнүн төрт жолку, СССРдин эки жолку чемпиону. Ал эми азыр анын штангага тиешеси барбы? Ошол агайыбызды иштетсек, элибиз суранып, шарт түзүп берсек кантип олимпиадада алтын болбосун», — деди спортчу.