• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Канат Исаев бир айга камалды

24 Тогуздун айы 2022 9:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Исаев кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу маалымат айтыла элек.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Кийин Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу 48 саатка кармалды.

Количество просмотров: 446