• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Канат Исаев: «Кыргызстан» партиясы шайлоодон четтеп калбашы керек

25 Баш оона 2020 11:54 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан» партиясы шайлоодон четтеп калбашы керек. Себеби, партиянын 100 миңдеген шайлоочулары бар. Мындай пикирин аталган партиянын лидери Канат Исаев бүгүн, 25-августта маалымат жыйында билдирди.

«БШКнын партиялардын документ тапшырууга келген убактысын каттаган журналын текшерүүгө эч кайсы партиянын укугу жок. Каттоо журналындагы 18:00 деп жазылган убакытты, 17:59 деп ким өзгөрткөнүн же оңдоо киргизгенин билбейм. Мунун артында 100 миңдеген шайлоочусу бар партияны четтетүү чекилик болот», — деп билдирди Канат Исаев.

Эске салсак, кечээ, 24-августта саат 18:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоодо ат салыша турган саясий партиялар тиешелүү документтерин тапшырып бүтүшү керек болчу. Бирок БШКнын алдына «Кыргызстан» партиясы документин саат 18:00дөн кеч тапшырды деп нааразы болгон тараптар чогулуп, БШК өкүлдөрү менен жолугушкан. Ортодо БШК аталган партия документти алып келгендеги убакытты эртелетип оңдоп койгон деген талаш-тартыштар жаралган эле.

Количество просмотров: 2225