Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев спикерликти өткөрүп берет. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Партиялаштар президенттикке талапкерлигимди көрсөтүштү. Жогорку Кеңештин төрагасын өткөрүп берүү чечимин кабыл алдым»,-деп билдирди Исаев.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттик шайлоого аттанып, депутат Талант Мамытов спикер болору айтылган.
Ал эми Мамытов бул боюнча расмий маалыматтар жок экенин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
«Төраганы алмаштыруу маселеси күн тартибинде жок. Эгерде ошондой билдирүү берилсе карап көрсө болот. Бул боюнча комментарий берүү бир аз эрте», — деп билдирген болчу Мамытов.