• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Кынатбек Сманалиев Юстиция министринин орун басары болду

18 Жалган куран 202112:13 Бишкек Govori.TV

Кынатбек Сманалиев Юстиция министринин жаңы орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-мартта жаңы орун басарды министр Асель Чынбаева эмгек жамаатына тааныштырды.

Канат Сманалиев буга чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканы болуп иштеген.

Количество просмотров: 132