Канатбек Азиз, КРнын Акыйкатчылыгына талапкер: “Акыйкатчы болуп калсам, президент менен да, парламент менен да тыгыз иштейм” (видео)
Канатбек Азиз, КРнын Акыйкатчылыгына талапкер: “Акыйкатчы болуп калсам, президент менен да, парламент менен да тыгыз иштейм” (видео)
13 Аяк оона 201812:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.09.2018. Govori.TV
Омбудсменге талапкер катары “Ата Мекен” фракциясы сунуштаган Канатбек Азиз кыргыз тарыхында программасын сунуштаган жалгыз акыйкатчылыкка талапкер болуп калды. 9 пунткттан турган 5 барак прграммасында Канат Азиз өлкөдөгү адам укуктары жана анын сакталышы, Акыйкатчы болуп калса, кайсы маанилүү маселелерге көңүл бураарын жазган. Илимдин эң жаш доктору Акыйкатчы институтун кайсы деңгээлге көтөрүүгө бел байлады, бул суроого өзүнөн жооп алдык.
— Канат мырза, акыйкатчылыкка талапкерлер программасын сунуштаган учур мурда-кийин болбосо, бул жагынан сиз тарыхта биринчи адам болуп жатасыз. Бул ой кайдан келди?
— Резюмени көтөрүп алып,“мен иштеп берейин” дегенди туура эмес көрдүм. Ким болбосун, кызматка баратканда, ал “эмне кылам, кантип ишти оптималдуу алып кетем” деген алдын ала планы, программасы болуш керек. Ой жөнөкөй эле жерден чыкты. Алгач, “бул кызматка тытыктуумунбу, татыктуу эмесминби” деген суроону өзүмө өзүм берип көрдүм. Анан эки айда иш-план катары ушул прогамманы жазып чыктым. Программамда 9 аспекти көргөзүлгөн. Эң маанилүүсү – жарандар жана соттор. Бул маселе Кыргызстанда чоң көйгөй.
Ооба, буга чейин омбутсменге талапкерлердин бири да программа сунуштабаптыр. Токтакунов 3-4 пункттан турган планын көргөзүп, “программам деп эсептесеңер болот” дептир. Бирок, парламентке сунуштап, ММКларгатолугу менен программасын кеңири жайылткан талапкер азырынча мен экенмин. Бардыгы мактап, туура маселелерди камтыганымды айтып жатышат. Парламенттин колундагы иш, жакса, тандашат.
— Шансыңыз канчалык?
— Азырынча мен билгенден 4-5 атаандашым бар. Арасында Омбутсмен Аппаратында мурда иштеп кеткендер да бар. Бирок, “ким шайланып калат экен”, “кимисис күчтүү экен же, кимисинин шансы көбүрөөк” экен деп аңдыганга убакыт короткон жокмун. Программа боюнча иштеп кете алаарымды, өзүмдүн дараметимди айтып, тааныштырып жатам. Акыйкатчылык – бул кызмат эмес. Өтпөй калсам деле укук талаасында элге кызмат кылууну токтотпойм.
— Жаңы Акыйкатчыны шайлоо мөөнөтү мыйзамда кандай каралган?
— “Акыйкатчы бошогон учурдан тартып, бир ай аралыгында шайлоо өтүп, жаңысы шайланышы керек” деп жазылып турат мыйзамда. Бирок, ал кез парламенттин жайкы эс алуу маалына туура келип калды. Ошого байланыштуу депутаттардын иши башталган убакытка, сентябрга калган. Ал эми менин талапкерлигим мурдагы акыйкатчы кызматтан кеткен учурда эле, июнда (29-июнда) көрсөтүлгөн. Бирок, фракция августта коомчулукка жарыялады. Буйруса, шайлоо ушул айдан кечикпей өтөт.
— Акыйкатчы – көз каранды эмес орган. Бирок, институттун айрым учурларда жогору жактын көрсөтмөсү боюнча иш жасаган учурлары болбой койгон эмес. Мыйзамга ылайык, иштөөгө эмне же, кимдер тоскоолдук кылышы мүмкүн?
— Акыйкатчы институту мамлекет менен элдин ортосундагы – Медиатор, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы ортомчу жана Жогорку Кеңештин мыйзамдуу өкүлү. Өлкөнүн аймагында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзүүгө Жогорку Кеңештин атынын гана ыйгарым укук берилген өкүл.Мен Кыргызстанда парламенттик Акыйкатчыны өнүктүрүү боюнча бул кызматка талапкер болуп бара жатам.
Туура, акыркы учурларда Акыйкатчылар парламент менен тескери иштеп калышкан. Көп учурда омбудсмен бооркер адамдын ролун ойноп калган. Мен айтып жатам, сотко чейинки механизмди кайра иштеп чыгыш керек. Бул бийликке да, жарандарга да жакшы. Акыйкатчы парламенттин өкүлү, ошол эле учурда ал сот тандоодо да, керек болсо сотко чара көрүү, жоокерчиликке тартуу маселесинде дагы катышканы туура болот. Эмнеге дегенде, омбудсменге жарандардан көптөгөн арыздар келип түшөт. Ал сөзсүз жарандардын укугун коргоо, эркиндигин сактоо жагында турса, президентке да, парламентке да жагат, алар көрсөтмө бербейт. Ошого карабай, отчет деген бар. Баса, бул боюнча менин программамда да камтылган. Мен Акыйкатчы болуп калсам, президент менен да, парламент менен да тыгыз иштейм.
— Жаш болуп туруп,ийгиликтерге жетишүүңүздүн сыры эмнеде?
— Мен милицияда иштеп жүргөндө эрте түшүнүп, илим жагына багыт алдым. Россия ИИМинин Санкт-Петербуг университетинде окуп, аспирантурасын бүтүп, 24 жашымда кандидаттыгымды жактап келгем. Ошол учурдан тартып, илим менен да, саясат менен алектене баштагам. Билим берүү жаатында да, миграцияда да иштедим. БШК мүчөсү болдум. Миграция көйгөйлөрүн жакшы билем. Саясий, жарандык укуктар боюнча маселелер мага деги жат эмес. Акыркы жылдары парламентте иштеп, тажрыйба топтой алдым. 2016-жылы докторлук диссертациямды жактадым. Бул ийгиликтер эмгектин гана үзүрү, сыр деле жок.