• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кантта вирус жуктурган аял каза болгондон кийин дарыгерлер изоляцияга алынды

21 Чын куран 2020 16:44 Бишкек Govori.TV

Кантта вирус жуктурган 70 жаштагы аял каза болгондон кийин Кант шаардык ооруканасында медицина кызматкерлери изоляцияга алынды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.

Маалыматка караганда, маркумдун өзүнүн өтүшүп кеткен оорусу болгон ошол эле учурда вирус дагы жуккан.

«Учурда Кант шаардык ооруканасында медицина кызматкерлерин изоляцияга алышты», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 20-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Чүй облусунда аял киши (70 жашта), Ош шаарында эркек киши (79 жашта) каза болгонун билдирген. Жалпысынан республикада COVID-19 вирусу аныкталган 7 адам көз жумду.

Количество просмотров: 369