• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каныбек Иманалиев: Референдум өткөрүүгө укуктук негиз жок

21 Тогуздун айы 202013:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө референдум өткөрүүгө эч кандай укуктук негиз жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, референдумду үч субьект демилгелей алат. Биринчиси — президент, бирок президенттин милдетин аткаруучунун буга укугу жок. Экинчиси — ЖКнын 80 депутатынын макулдугу, үчүнчүсү — элден 300 миң кол чогултуу.

«Президент азыр жок, анын милдетин аткаруучу референдум кыла албайт. Экинчи – 300 миң кол. Эки айда аны чогултуп, өткөрү мүмкүн эмес. Азыр референдум өткөрүүгө эч кандай негиз жок. Шайлоодон кийин борбордук аянтка чыккан эл референдум кылгыла деген жок. Ансыз деле тарыхта 8 жолу референдум болду. Дагы бир чоң катачылык кетирбейли», — деди Иманалиев.

Количество просмотров: 448