• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Каныбек Иманалиев: Учурдагы абалдан чыгуу үчүн Президент кызматтан кетпеши керек

13 Тогуздун айы 2020 19:06 Бишкек Govori.TV

Учурдагы абалдан чыгуу үчүн Президент ордунда калышы керек, анткени аны мыйзамдуу түрдө эл шайлаган. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 13-октябрда мамлекеттик резиденциядагы жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, депутаттар мөөнөтү бүткүчө иштеш керек.

«Кайра парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек. Шайлоо мыйзамына азыркы абалды эске алып, ушул айдын аягына чейин өзгөртүү киргизсе болот. Шайлоодогу №2 форманы ден соолугуна байланыштуу башка жерге бара албагандарга жана мигранттарга гана толтурууга уруксат берилиши керек. Шайлоодогу 7 пайыздык чекти 5 пайызга чейин төмөндөтүү зарыл. Ошондой эле криминалдардын аралашуусуна бөгөт коюш керек», — деди Иманалиев.

Количество просмотров: 147