• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каныбек Осмоналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

3 Жалган куран 202010:13 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2-мартта Бишкек шаарында өткөн митингдин уютуруучусу — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев жана активдүү катышуучу Д.А. кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалгандар Жазык кодексинин 39-беренеси жана 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо») боюнча шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгында аларга аталган кылмыштарга шектелип жатканы жана баш коргоо чарасы боюнча билдирилет. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Кечээ, 2-мартта Бишкек шаарында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп, аларды милиция кызматкерлери, атайын багыттагы аскер кызматкерлери кууп таратышты. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров, А.Артыков жана башкалар УКМКга жеткирилген болчу.

Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча, 166 адам кармалды.

Количество просмотров: 147