• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Каныбек Осмоналиевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтү узарды

13 Бугу 202015:41 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук соту мурунку депутат Каныбек Осмоналиевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты. Ал камакта 3-июлга чейин боло турганын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Осмоналиев 2-мартта «Ала-Тоо» аянтында мурунку депутат Садыр Жапаровду колдоо максатында өткөн митингди уюштурган. Осмоналиев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Жазык кодексинин 309-беренеси (бийликти күч менен тартып алууга аракет кылуу) боюнча айыпталып жатат.

Количество просмотров: 69