• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Канышай Мамыркулованын иши боюнча президент эмне дейт?

5 Теке 202513:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, Орусияга жумушчу сапары, андагы сүйлөшүүлөр, орус тилинин макамы, өлкөдөгү сөз эркиндиги жана Балыкчы шаарынын жаңы дайындалган мэринин айланасындагы талкуулар боюнча пикирин билдирди.

Маек учурунда президент журналист Канышай Мамыркулованын иши жана ага карата чыккан сот өкүмү тууралуу да комментарий берген:

«Биздин өлкөдө эч качан сөз эркиндигине кысым болбойт. Буга кыргыз эли да жол бербейт. Себеби кыргыз эли эркин жүргөн эл. Ал эми Канышайдыкы болсо ал сөз эркиндиги эмес. Мейли бизди кандай сындаса ошондой сындай берсин, биз сынын көтөрөбүз. Аныкынан чоң сындарга деле көңүл бурбай иштеп келе жатабыз. Бирок Тажикстан менен чек ара маселеси жакшы чечилип бүтүп жатканда эки өлкөнүн ортосуна от жакканы бул сөз эркиндигине жатпайт. Бул жоопкерчиликсиз нерсе. Кудай анын бетин ары кылсын эгер кайрадан согуш чыгып кете турган болсо Канышай барып согушпайт эле. Ал тили менен сайрап эки мамлекетти кагыштырып коюп Бишкекте олтура берет. Жөнөкөй жаш балдар окко учат. Ушуну ар бир жаран мейли журналистсиңби же жөнөкөй жарансыңбы эстен чыгарбаш керек. Сөз эркиндиги десе эле жалган маалыматтарды таратып элдин башын айлантканды токтотуш керек».

Количество просмотров: 280