• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Канышай Мамыркуловага өкүм чыкты

3 Теке 202512:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналист Канышай Мамыркулованын ишин кароо уланды. Бүгүнкү отурумда тараптардын жарыш сөзү айтылып, сот өкүм чыгарды.

 Сот Мамыркулованы тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, 4 жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерди. Журналист сот залынан бошотулду. Ошондой эле соттун чечиминде Мамыркуловага соцтармактарды колдонууга тыюу салынганы айтылат.

Ал Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин көзөмөлүндө болуп, бир айда эки жолу барып каттоодон өтүп турууга милдеттендирилди. Ал Кыргызстандын аймагынан сыртка чыга албайт.

Эске салсак, 30-июндагы соттук отурумда прокурор сөз сүйлөп журналистти сегиз жарым жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.

Канышай Мамыркулова 20-мартта кармалган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктарга чакыруу» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Журналист мындай кинелерди четке кагып келет. Ал март айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында болчу.

Количество просмотров: 486