АКШнын Миссури штатындагы Канзас-Сити шаарында жергиликтүү «Канзас-Сити Чифс» командасынын америкалык футбол боюнча Суперкубоктогу жеңишин белгилөө учурунда ок атылып, бир киши өлүп, 30га жакын адам жаракат алды.
«Америка үнү» кабарлагандай, ок майрамдык жүрүш учурунда темир жол станциясына жакын жерде атылган. Полиция окуя болгон жерден шектүү катары эки кишини кармады. Колго түшүрүү маалында алардын жанында ок атуучу куралдар болгон. Азырынча кармалгандардын аты-жөнү жана бул ишке эмне себептен барганы айтыла элек.
Акыркы маалыматтар боюнча, ок атуудан 22 киши жарадар болсо, дагы жети киши топтошкон адамдардын арасында калып жаракат алган. Учурда ооруканага жеткирилген сегиз кишинин абалы өтө оор деп бааланууда. Каза болгон адам жергиликтүү радиодо иштеген Лайза Лопес-Галван аттуу жаран экени белгилүү болду.
АКШнын президенти Жо Байден бул окуяга байланыштуу көңүл айтып, жарандарды Америка көчөлөрүндөгү жапырт ок атууларды токтотууга аракет кылууга чакырды. Мындан тышкары ал кайрадан Конгрессти ок атуучу куралдар тууралуу мыйзамдарды катаалдатууга үндөдү.
CCN телеканалынын маалыматына ылайык, Канзас-Ситидеги бул окуя жыл башынан бери АКШда жапырт ок атылган учурлардын 48чиси болуп калды.
«Чифс» командасы жекшемби күнү кошумча берилген убакытта «Сан-Франциско Форти Найнерсти» 25-22 эсебинде жеңип, Улуттук футболдук лиганын Суперкубогун утуп алган.