Бишкек.29.03.2019.Govori.TV.
Ф. Ниязовго кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат коомдо талкууга түшкөн. Анда 20-мартта Максат Чегирткеев аттуу жаран Ниязовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу арыз менен кайрылганы айтылган. Бул тууралуу президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Ф. Ниязов үн катып ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге ачык катын жолдогон.
Анда Ниязов өзүнө жеткен маалыматтарга таянып, анын үстүнөн даттанган Максат Чегирткеевди ИИМдин кызматкерлери өздөрү таап, арыз жазууну сунуштаганын билдирип, “Бул “жогору” жактан берилген тапшырма экенине мен толук ишенем. Ошондуктан бул көрүнүштү саясий буюртма катары баалоого жана ИИМдин кызматкерлерине аны аткарууга мажбурлады деп эсептөөгө толук укугум бар”, – деген.
Өзүнүн катында Ниязов арыз жазган жаран Чегирткеев Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы экенин айтып, учурда Каптагаев Атамбаевге каршы маанайда жүргөнүн кошумчалады.
Ниязовдун бул билдирүүсүн Эмилбек Каптагаев төгүндөп Максат Чекиров анын өкүл баласы эместигин айтты.
«Мындай маалыматты Ниязов кайдан алганын билбейм. Өзүнүн шефинин артынан ал да акылынан кеткен окшойт. Максат Чегирткеев менин өкүл балам эмес. Аны менен жолукпаганыма көп болду жана аны арыз жазууга эч үндөгөн эмесмин»,-деген Каптагаев.
Эске салсак, Башкы прокуратура Фарид Ниязовго карата жазылган арыздын негизинде ага карата иш ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын кабарлаган. Анын артынан Ички иштер министрлиги да билдирүү таратып, ишти тергөөнү өзүнө алганын билдиришкен.