Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.
«Атамбаев Медет Садыркуловдун өлтүрүлгөнүн айтып, «Жээнбековдор кыйтыр чыгышты, алар өлтүрбөйт, алар түрмөгө камайт», — деп айтып жатат». Бул тууралуу Эмилбек Каптагаев өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү жазды.
«Мунун баарын угуп жатып Өмүрбек Текебаевди, Чотоновду жалган жалаа менен ким камакка алды деген суроо жаралат. Ушул сыяктуу Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Садыр Жапаровдорду ким отургузду? Саясий туткундардын санына карай турган болсок Атамбаев рекорд жаратты да»,- деген Каптагаев.