• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Кар эми качан жайт? Жакын арада күтүлгөн аба-ырайынын божомолу

3 Үчтүн айы 201920:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.01.2019.Govori.TV.

4-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.


5-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 6-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.


7-январда жана 8-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

9-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 10-январда жаан-чачындын жаашынын ыктымалы аз. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Количество просмотров: 247