• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кар көчкү түшүп адамдарды басып калган видео тарады

17 Жалган куран 201814:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.03.2018.Govori.TV.
Кар көчкү түшүп адамдарды басып калган видео тарады. Видео кайсы жерде тартылганы боюнча маалымат жок.  Бирок кар көчкү түшүп жолдо турган унааларды, адамдарды басып калганын көрсө болот.
Эскерте кетсек, 15-мартта кечке жуук жолдун 246-чакырымына чоң көлөмдө кар көчкү түшүп, эки тарапка тең жабылган. «Сосновка» постунда 140 оор жүк ташуучу, алты жеңил машине, «Арал» постунда 24 оор жүк ташуучу, 59 жеңил машине топтолгон.
Мындан тышкары, Талас районунун Талды-Булак айылында 9 оор жүк ташуучу, 15 жеңил, Бишкек-Ош жолунун 198-чакырымындагы Өтмөк ашуусуна бурулган жерде 110 оор жүк ташуучу автоунаа турганы кабарланган. Учурда, жол тазаланып, ачылганы боюнча ӨКМ билдирди.
Количество просмотров: 68