• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кар көчкү түшүп бульдозерди басып калды

21 Жалган куран 201921:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.03.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад облусу, Чаткал районунун Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 88-101-чакырым аралыгында (Рават тилкеси) көлөмү болжол менен 6000м3 кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Натыйжада көчкү №27 ЖТИнин 1 бульдозерин басып калган, айдоочу жабыркаган эмес. Унаа жол убактылуу жабылган.

Жерине №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, 10 кызматкер жана КР ӨКМнин Чаткал райондон 3 куткаруучу тартылып, саат 18:30да кар көчкүнүн алдында калган бульдозер чыгарылып, жол бир тараптуу ачылган.

Унаа жолду кеңейтип тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, түн киргендигине байланыштуу саат 19:40та жумуш убактылуу токтотулган. 22-март күнү иш-чаралар улантылат.

Количество просмотров: 13