• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Кара-Балта шаарынын мэри болуп Данияр Шакирбаев шайланды

30 Жетинин айы 202018:01 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарынын мэри болуп Данияр Шакирбаев шайланды. Бул тууралуу Борблордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКдан белгилешкендей, мэрлик кызматка 3 талапкер болгон: “КСДП” партиясынан – Раманкулов Б. С., “Эламан” партиясынан – Сүйүмбаев Т.Б жана “Мекеним Кыргызстан” партиясынан – Шакирбаев Д.Б.

Мэрди шайлоого Кара-Балта шаардык кеңешинин 31 депутатынын баары катышып, Шакирбаев 18 добуш, Сүйүмбаев 13 добуш алса, Раманкуловго эч ким добуш берген эмес.

Количество просмотров: 180