• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Балтада 15 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

12 Бештин айы 202416:35 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарынын аймагындагы 15 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында Кара-Балта шаарындагы көрүстөн үчүн бөлүнгөн, аянты 15 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Алынган маалыматтар боюнча 2007-жылы айрым кызмат адамдары жер тилкесин жеке адамга мыйзамсыз чыгарып кетүүгө көмөк көрсөтүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында белгиленген жер тилкеси соттун чечими менен Кара-Балта шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантууда.

Количество просмотров: 254