• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кара-Балтада 3 унаа кагышты

4 Аяк оона 202317:06 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарында 3 унаанын катышуусундагы ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-сентябрда болжол менен саат 14:30 чамасында Кара–Балта шаарынын 8-март көчөсүндө Mercedes-Benz, Honda SRV жана Toyota Avensis унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен жаракат алган 4 адам ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Количество просмотров: 457