УКМК деструктивдүү акцияларды жана оор кылмыштарды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды табуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарына жакын жерден ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай аныкталган. Алар:
белгисиз үлгүдөгү 2 даана мылтык;
1 даана ТОЗ-8 маркасындагы 1 мылтык;
белгисиз модификациядагы 4 даана тапанча;
39 даана 7, 62х54 – калибрдеги патрондор;
15 даана 16-калибрдеги патрондор;
5 даана 9 мм. калибрдеги травматикалык октор;
4 даана 18х45 калибрдеги октор;
2 даана бычак,
2 даана DVD– дисктер табылган.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун, диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары улантылууда.