Бишкек. 02.08.2018.Govori.TV.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 3 жаштагы наристе 4-кабаттан кулап көз жумду. Аталган маалыматты Кара-Көл шаарындагы Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 1-августта саат 13:30дар чамасында болгон. Анда 2015-жылы төрөлгөн наристе 4-кабаттан кулап, жерге башы менен түшкөн. Наристени туугандары оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө алып келишкен, реаниматолог дарыгер биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тиешелүү чараларды жасаган. Бирок наристе оор абалда болгондуктан көз жумган.