• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Көлдө 6 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

17 Баш оона 202212:42 Бишкек Govori.TV

Кара-Көл шаарынын аймагында 6 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык милиция бөлүмүнүн демилгеси менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык автивдердин, айыл тургундарынын катышуусунда «Кара-Куурай» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды жасоонун, сатуунун, колдонуунун алдын алуу жана болтурбоо болуп эсептелет.

Иш-чара учурунда Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү, Камбар-Ата жана Көк-Бел айылынын талааларында өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, жалпысынан 4 гектар жерден 6 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

Количество просмотров: 126