• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кара-Көлдө сууга чөгүп кеткен 3 жашар баланын жансыз денеси табылды

18 Аяк оона 2018 12:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.09.2018.Govori.TV.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында сууга түшүп кеткен 3 жашар баланын жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, баланын жансыз денеси 13-сентябрь күнү саат 15:00дөр чамасында туугандары тарабынан табылып, жерге берилген.
5-сентябрь күнү Көк-Бел айылындагы Кара-Суу суусуна 3 жашар бала түшүп кеткендиги тууралуу белгилүү болгон. Ошондон бери куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, эч кандай натыйжа болгон эмес.
Количество просмотров: 18