• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кара-Кечеден» жүк алып келе жаткан унаа кырсыктап, бир адам каза болду

11 Жетинин айы 2020 9:59 Бишкек Govori.TV

Нарын облусундагы «Кара-Кече» көмүр кенинен жүк алып келе жаткан унаа жолдон оодарылып кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 10-ноябрь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Жумгал райондук ички иштер башкармалыгына Кара-Кече жолунан эки камаз сүзүшүп, бир айдоочу оор абалда деген маалымат түшкөн.

Аталган билдирүү Жумгал РИИБ тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Дыйкан- Кара-Кече автожолунан Ысык-Көл облусунун Жети- Өгүз районунун 1972-жылы туулган Т.Б өзүнө тиешелүү оор жүк ташуучу автоунаасы менен түштүктөн түндүктү карай башкарып бара жаткан. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 1973-жылы туулган тургуну К.Н өзүнө тиешелүү оор жүк ташуучу автоунаасы менен түштүктөн түндүктү карай башкарып келе жатып белгисиз себептерден улам күүлөнүп кетип Т.Б нын башкаруусундагы оор жүк ташуучу автоунаанын чиркемесин сүзүп жолдон чыгып кеткен.

Натыйжада К.Н башкаруусунда оор жүк ташуучу автоунаада жүргүнчү катары келе жаткан Ысык- Көл облусунун Балыкчы шаарынын 1975-жылы туулган И.Б окуя болгон жерден жол кырсыгынан алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Бул маалымат боюнча бүгүнкү күндө Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 126