• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Кече көмүрүнө чектөөлөр болбойт

11 Аяк оона 202312:20 Бишкек Govori.TV

Кара-Кече көмүрүнө чектөөлөр болбойт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

«Жыл сайын кыш мезгилинде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарынын 65-70 пайызы Кара-Кече көмүрүн колдонушат. Калкты кышында үзгүлтүксүз көмүр менен камсыз кылуу үчүн, быйыл чектөө киргизилбейт. Кара-Кече кенинде көмүрдү казуу, жүктөө иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Күнүнө 5 миң тоннадан ашуун көмүр казылып жатат. 200дөй автоунаалар жүктөп, баардык аймактарга жеткирип жатышат»,-деп билдиришти министрликтен.

Энергетика министрлиги калкка мындан ары да Кара-Кечеден көмүр ташылаарын билдирип, бурмалаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Количество просмотров: 276