• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Энергетика министринин мурунку орун басары кармалды

14 Бирдин айы 202516:49 Бишкек Govori.TV

Опуза талап кылуу фактысы менен Энергетика министринин мурунку орун басары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жазылгандай. 13-февралда ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 000 (жыйырма миң) АКШ долларын алып жаткан учурда энергетика министринин 1979-жылы туулган мурдагы биринчи орун басары Т.Э. кармалган.

«Кармалган Т.Э. майнинг фермасын ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн чет элдик инвестициялык компаниядан 220 000 (эки жүз жыйырма миң) АКШ долларын талап кылып, учурдагы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаганы аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Т.Э. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, учурда Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында энергетика тармагындагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.



Количество просмотров: 474