• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров БАЭнин энергетика министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

16 Тогуздун айы 2023 13:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри – Тышкы иштер министрлигинин БАЭнин Кыргызстан менен кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү Сухейл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын натыйжалуулугун канааттануу менен белгилеп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча даяр экендигин кошумчалады.

Анда тараптар Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн негиз боло турган “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” биргелешкен холдингинин ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Бул багытта биргелешкен холдингдик компанияны практикалык негизде ишке киргизүүнү тездетүү зарылчылыгы белгиленди.

Андан ары тараптар энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты, атап айтканда, “Масдар” компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунда күн фотоэлектр станциясынын курулушу айтылды.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда жаштардын футбол академиясын куруу долбоорун талкуулап, долбоордун акыркы эсептөөлөрү эмират тарапка берилди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди, тараптар бул багытта максималдуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 54