• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кара-Кечедеги чыр боюнча УКМК маалымат таратты

23 Бештин айы 2021 13:01 Бишкек Govori.TV

Кара-Кечеде чыккан чыр боюнча УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-декабрында Жумгал районунда орун алган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш аракеттеринин натыйжасында келишпестиктер болуп, КР УКМК “Атайын кызматтын” кызматкерлери айдоочулар ортосунда болгон жаңжалды жөнгө салган.

«Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүү учурунда, айдоочулар “Атайын кызматтын” кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышты»,-деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Учурда абал туруктуу, “Кара-Кече” көмүр филиалынан көмүр алуу иштери жүрүүдө, азыркы тапта бул иш боюнча укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат.

Количество просмотров: 238