• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кара-Кулжада бир күн мурда жоголгон 9 жашар баланын сөөгү табылды

17 Жалган куран 202218:47 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжада бир күн мурда жоголгон 9 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Буга айылынын 2013-жылы туулган Ш.М. аттуу жашоочусу 16-мартта үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

17-мартта дайынсыз жоголгон 9 жашар баланы издөө үчүн Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 65 адам тартылды.

Куткаруучулар тарабынан Чалма айыл аймагында жайгашкан Шиштей-Дөн тоосунун боорунан жогоруда аталган баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 13144